Жеке Маалымат

 

Франциянын Прованс областында төрөлдүм, жапайы жаратылышка, тоолорго жана ошондой эле жол саякатынын кызыгына тез чөмүлдүм. Андан соң Лозер областында Башкаруу жана Жаратылышты Коргоо боюнча жогорку билимди (BTS)ти алдым.

2006-жылы окуумду аяктаган соң, ZELLIDJA фондунун колдоосу менен Кыргызстанда эки ай калдым. Менин максатымдын себеби жөн гана жергиликтүү жаратылышты изилдөө болду. Бул сапар мен үчүн өзгөчүлүгү менен айрымаланды, аны менен бирге өзумдү башкача адам катары сездим, саякатымдын жолунда көптөгөн ачык жана кең пейил, жылуу жана дагы деле табияттын деңгели менен жашап келе жаткан аны менен бирге ар кандай мезгил учурунда мал чарбачылык менен алек болгон адамдар менен тааныштым.

Францияга кайтып келгенден кийин Прованста орнитолог катары жана Альпыда чабандын ишин бүгүнкү күнгө чейин аткарып келем. 2009 жана 2010-жылдары Кыргызстанда “Алтын Бүркүт” изилдөөсүн баштап, каржылоонун жоктугуна байланыштуу аягына чыгарылбады.Ошентсе да, бул айлардын ичинде бүркүттөрдүн учкан жолдорун тоолордун арасында, жана асманда, издеп жатып, көптөгөн тундөрдү жылдыздардын алдында өткөздүм, жана чабандардын чатырларында жашап келдим. Албетте, Кыргызстан менин журөгүмө жакын болду.

2013-жылдан тартып Кыргызстанда илимий-изилдөө экспедициясын башкарып келем, ошол себептен жарым жыл Францияда алты ай Кыргызстанда жашап келе жатам. Кыргыз жаратылышына терең салымымды кошоруума абдан үмүттөнөм.

DSC_0199